БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. АКШ менен Киев Флоридадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө РФ менен Украинанын ортосунда аймактарды алмашуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу Wall Street Journal америкалык жогорку даражалуу аткаминерге таянуу менен жазды.
Басылманын маалыматына караганда, АКШ менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө РФ жаңы аймактарды эл аралык деңгээлде таанууну талап кылууну улантар-улантпасы боюнча маселе ачык бойдон калган.
Крым 2014-жылдын мартында Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы боюнча Россиянын аймагына кошулган. Ал эми Украина Крымды дагы деле өзүнүн оккупацияланган аймагы катары эсептеп келет. Батыш өлкөлөрү бул маселеде Киевди колдойт. Россия Крымдын тургундары Россия менен кайра биригүү үчүн эл аралык укукка жана БУУнун Уставына ылайык добуш беришкенин билдирген. Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси биротоло жабылган.
Ал эми ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарынын Россия Федерациясынын курамына кирүүсү боюнча референдумдар 2022-жылдын 23-27-сентябрында өткөн.