Ички дүң продукция - биз муну бюджет бекиткенде, өлкөнүн өсүү же артка кетүүсү боюнча сөз болгондо, айтор бардык экономикалык жагдайлар тууралуу кеп кылганда колдонобуз. Анын эмне экенин да билебиз. Бирок ошол ички дүң продукция эмнеден турат, ал кантип эсептелет, көпчүлүгүбүз көңүл бура бербейбиз. Айрым өлкөлөрдүн ИДПсы менен алганда киши башына укмуштай көп каражат туш келет экен. деп да суктанабыз. Бирок ошол эле мамлекеттерде жарандардын өзүнүн турак-жайын ижарага алган менен теңеп. андан ичик дүң продукцияга киреше катары эсептелип кетерин капарыбызга албайбыз. Биз бүгүн дал ушул мамлекеттердин өзөгү болгон ИДП тууралуу сүйлөштүк. Албетте кыргызстандын ИДПсына да токтолдук.