Өлкөдө ак топоздордун жалпы саны 300дөн ашты. Учурда бул жапайы жаныбарлардын бардыгы Тоң районунда бир фермердин колунда багылууда. Ак топоздун эти, сүтү жана териси сапаттуулугу менен айырмаланып, эттин тартыштыгын азайтууга жана баанын туруктуулугун камсыздоого жардам берет. Ошондуктан өкмөт ак топоздордун санын 2000 башка чейин көбөйтүп, жаңы порода катары расмий каттоону мерчемдөөдө. Бул багытта илимий изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Ак топоздордун жайыт талаптары, ылаңдары жана вакцинация иштери тууралуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Асылбек Байдөлөтов "Ачык кеп" программасында кеңири айтып берди.