Калкты көгүлтүр от менен камсыздоо иши кандай жүрүүдө?

Sputnik
Кычырыган кыш босогодо турат. Учурдагы эң актуалдуу маселе кышкы жылытуу мезгилине даярдык. Ошондой эле жакында Бишкек шаарын каптаган ышты азайтуу иши да кызуу талкуулана баштайт. Биз бүгүнкү “Спутниктен сүйлойбүз” программасында дал ушул нерселерге түздөн-түз тиешеси бар өлкөдөгү газдаштыруу иштери кандай жүрүп жатканы жана бул нерсени ишке ашырууда эмне көйгөйлөр, кандай жетишкендиктер бардыгы тууралуу сүйлөштүк. Биздин суроолорубузга “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров жооп берди.