Өлкөдө соңку учурларда этке болгон баанын жогорулашы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Өкмөт бааны турукташтыруу үчүн Монополияны жөнгө салуу кызматына гана эмес, жергиликтүү бийлик бутактарына да тапшырма берди. Тынымсыз текшерүүлөр, дайымкы эскертүүлөр менен учурда эттин чекене баасы өлкөдө 690-790 сомдун айланасында кармалып турат. Эттин кымбатташына сатуучулар түрдүү жүйөлөрдү келтиришет. Алардын ичинде тоют маселеси да бар. Тагырагы өлкөдө тоют тартыштыгы жана анын баасынын жогору болушу эттин да наркына таасирин тийгизип жатканын айтышат. Биз бул маселенин чын-төгүнүн билүүгө министирлике кайрылдык. 90 пайыздан ашыгын тоолор курчаган өлкөдө жайыт жана тоют маселеси жоктугун айткан адисибиз бизге мындайча маек куруп берди.