Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Түзүлгөн шарт абдан ыңгайлуу. Шайлоого көз салган байкоочулардын пикири

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Добуш жаңы система менен берилүүдө — өлкө 30 округга бөлүнүп, аралыктан добуш берүү үчүн биринчи жолу 27 шайлоо участогу ачылды.
Sputnik
Шайлоонун жүрүшүнө 58 өлкөдөн келген 788 байкоочу көз салууда. Алар жалпысынан участкалар ырааттуу иштеп жатканын айтышты.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий БШК шайлоо участокторун талаптагыдай жабдып, кызматкерлерди окутуу үчүн колдон келгендин баарын жасаганы көрүнүп турганын белгиледи. Анын айтымында, шайлоочу кайда барып эмне кылышы керектигин "жетелеп барып" көрсөтүп, түшүндүрүп берип жатышат.
"Участкалардын көбү кадимкисиндей иштеп жатат, айрымдарында мүчүлүштүктөр болду, бирок анын баары жөнгө салынат деп ойлойм. Баарын өз убагында иштетүү үчүн запаста агрегаттын баары бар", — деди Кобицкий.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар тобунун координатору Махмадали Ватанзода шайлоо участокторундагы маанай чыныгы демократиялык шайлоону өткөрүү талаптарына жооп берерине токтолду.
"Шайлоо участогундагы маанай чыныгы демократиялык шайлоону өткөрүү талаптарына жооп берет", — деди ал.
Шайлоонун жыйынтыгын автоматтык эсептөөчү урналар дароо көрсөтсө, расмий жыйынтык толугу менен 14-декабрга чейин чыгат.