Шайлоого келгиле, ар бир добуш тагдыр чечет! Садыр Жапаров добуш берип элге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарова менен Бишкек мамлекеттик университетинин имаратынан добуш бергенин маалымат кызматы билдирди.
Андан соң өлкө башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ар бир добуш мамлекеттин тагдырын чече турганын айтты. Президенттин айтымында, бул жолку шайлоодо бардыгы автоматташтырылып, жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
"Мурдагыдай алдын ала катталып, анан добуш бермей жок. Каалаган шайлоо тилкесине кирип добуш берсе болот. Ар бир добуш мамлекеттин тагдырын чечет деп шайлоого катышып бергиле", — деди Жапаров.
Пресс-борбор
Кобицкий Кыргызстан шайлоодо үлгү көрсөткөн өлкө болуп жатканын айтты