БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россияда жүргөн кыргызстандыктар үчүн биринчи жолу жакшы шарт түзүлгөнүн Кыргызстан элчилигинин кеңешчиси Айдай Өмүркулова Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Ал Россияда 540 миң кыргызстандык жашаарын, алардын 350 миңи миграциялык каттоодо турарын билдирди. Өмүркулова добуш берүүгө келген мекендештердин саны көп экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө жалпы 24 шайлоо участкасы иштеген болсо, бул ирет алардын саны 100гө жеткирилди. Мындан тышкары, алыстагы мекендештер добуш берүү үчүн мурдагыдай алдын ала каттоого турбастан, каалаган шайлоо участкасына барып, өзүнүн округуна караштуу талапкерге аралыктан добуш бере алат.
Буга чейин Sputnik агенттиги Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин алдында добуш берүү үчүн кезекте турган мекендештердин видеосун жарыялаган.