Россия өкмөтү Кыргызстан менен миграция боюнча келишимдин долбоорун жактырды

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. РФ өкмөтү миграция жана ички иштер маселелери боюнча Кыргызстан менен макулдашуу долбоорун жактырды.
Тиешелүү буйрук укуктук актылардын порталына жарыяланган.
"Россия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин ортосундагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын", — деп айтылат документте.
Россиянын Ички иштер министрлиги кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашуу бекиген соң РФ өкмөтүнүн атынан тиркелген долбоорго айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган келишимге кол коюу тапшырылган.
Жапаров менен Путиндин сүйлөшүүлөрүнөн кийин 8 документе кол коюлду. Тизме