БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россия Мамдумасынын КМШ иштери боюнча комитет жетекчисинин орун басары Константин Затулин Кыргызстандагы бүгүнкү шайлоонун негизги артыкчылыгын белгиледи.
"Эгерде сен тизме боюнча шайланып келсең, анда партияңдын жетекчиси менен жакшы мамиле түзүшүң керек болот. Ал эми парламентке округ аркылуу шайлансаң, кааласаң-каалабасаң да элди угасың, антпесең кийинки жолу сага добуш бербей коюшат", — деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине айткан.
Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо жүрүп жатат. Добуш берүү жаңы система менен жүргүзүлүүдө. Өлкө 30 округга бөлүнүп, аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке ачылган.