БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Москвадагы кыргызстандыктар үчүн Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо участоктору ачылып, эл узун кезекте турат.
Добуш берүү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде өтүп жатат.
БШКнын маалыматы боюнча, Бишкек сааты менен 10:00гө карата Кыргызстандан сырткары Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия, Монголия, Казакстан, Индия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Пакистанда 40 шайлоо участогу ачылды. Ушул маалга карата чет өлкөдө 1559 адам добуш берди.
Белгилей кетсек, чет өлкөдөгүлөр жана башка аймакта жүргөндөр каалаган шайлоо участогуна барып, өзү катталган округдагы талапкерге добуш бере алышат. Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоонун жыйынтыгын дароо көрсөтсө, расмий жыйынтык толугу менен 14-декабрга чейин чыгат.