БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Россияда добуш берүүнү уюштурууда биринчи болуп мурда жок болгон ыкманы колдонду. Бул туурасында Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Павел Андреев айтты.
Ал Россияда добуш берүүчү 40 тилке 27 аймакта ачылгандыгын белгиледи.
Россия тарап Кыргызстанга техникалык жабдууларды ташып жеткирүүдө жардам кылганын айтты.
"Коопсуздук менен тартипти сактоону камсыздоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүп жатат. Шайлоо тилкелерине эл көп келүүдө. Кыргыз тарап чоң эмгек менен жасаган иштерди белгилеп кетпесек болбос. Сырттагы жарандарынын шайлоо укугунун сакталышына кам көргөн эң сонун мисал болуп калды. Башка коңшуларыбыз деле добуш берүүнү уюштурушат, бирок мындай масштабда жасалган эмес", — деди Андреев.