БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий Кыргызстан шайлоо тармагында алдыңкы, үлгү көрсөтүүчү өлкө болуп жаткандыгын айтты.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборуна келип сүйлөдү.
Эске салсак, бүгүнкү парламенттик шайлоодо Парламенттер аралык, эл аралык байкоочулардын миссиясы Кыргызстандагы шайлоого 20-жолу байкоочулук кылып жатат.
"Республикада мыйзамдуулук кандай өнүгүп жатканын, шайлоо тилкелеринде жаңы техникалардын пайда болгонун көрүп жатабыз. Карай келгенде Кыргызстан шайлоо тармагында алдыңкы, үлгү көрсөтүүчү өлкө болууда. Биз көргөн арбын жаңы технологияларды, кызыктуу учурларды КМШ өлкөлөрүндө да колдонууну сунуштайбыз", — деди Кобицкий.
Бүгүн, 30-ноябрда, Кыргызстандын Жогорку Кеңешине шайлоо болуп жатат. Саат 12:00гө карата 500 миңден ашык киши добуш берди.