Пресс-борбор

Кобицкий КМШ парламенттеринин кызматташуусу тууралуу айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий Көз карандысыз шериктеш мамлекеттердин парламенттеринин кызматташуусу жогорку деңгээлде экенин белгиледи.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборуна келип сүйлөдү.
Башкы катчы белгилегендей, жакында Душанбе шаарында кеңештин жана ассамблеянын жыйындары өтүп, уюштуруу жаатындагы бардык маселелер кынтыксыз кетти. Анын айтымында, көчмө жыйындарды өткөрүү салтка айланды. Тагыраагы, Өзбекстанда, эки жыл мурда Кыргызстанда, быйыл Тажикстанда өттү.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясында баш-аягы он комиссия иштейт. Курамында депутаттар жана сенаторлор бар. Алар моделдик мыйзамдарды иштеп чыгып, форумдарды, конференцияларды, тегерек столдорду кеңири масштабда уюштуруп келишет.
Кобицкий КМШга мүчө мамлекеттердин парламент өкүлдөрү ассамблеянын ишине ар дайым активдүү катышып, бул улуттук мыйзам чыгаруу системаларынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий
"МПА тарабынан иштелип чыккан модель мыйзамдар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди шайкеш келтирүүгө жана аларды улуттук мыйзам чыгаруу системаларына ыңгайлаштырууга жардам берет", — деп сөзүн жыйынтыктады Кобицкий.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Бишкектиктер шаардын каалаган шайлоо участогунан добуш бере алат