БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 16 кабаттуу заманбап окуу жана жатакана комплексинин курулушу ортолоп калды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Бүгүн курулуштун жүрүшүн башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев барып көргөн.
Окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоевдин айтымында, 16 кабаттуу имараттын 5-кабатына чейин көргөзмө комплекси, китепкана, дарскана, эс алуу, машыгуу залдары жайгашат. Калган 11 кабаты толугу менен жатакана болот.
"Курулуштун жалпы наркы 1,4 миллиард сом деп бааланган. 500 миллион сомун окуу жай чыгарды. Калганы президенттин турукташтыруу фондунан каржыланууда. Университет быйыл 200 миллион сом берди. Калганын кийинки эки жылда бөлүп беребиз", — деди ректор.