БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы №26 мектептен добуш берди.
Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурун шайлоо өтүп жатат. Өлкө аймагында 2 492 шайлоо участогу бүгүн саат 8:00дө ачылган. Чет мамлекеттерде 100 шайлоо участогу иштеп жатат.
Саат 14:00гө карата добуш бергендердин саны 800 миңден ашты.