БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кантка жакын Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндөгүлөрдү депутаттыкка талапкерлигин койгон кишиге добуш берүүгө мажбурлашкан.
Борбордук шайлоо комиссиясынан бул окуя текшерилип, №7133 шайлоо тилкесинен сырткаркы жайдагы берилген добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгын билдиришти.
Кечээ, 29-ноябрда, болгон окуянын видеосу социалдык тармакка тараган. Андан ак халатчан кызматкер улгайып калган аялга бюллетендин кайсы жерине чымчыкча коюуну көрсөтүп, ал эми көзү азиз кишинин ордуна дагы бир кызматкер "жарандык милдетин аткарып" жатканын көрүүгө болот.