Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Саат 12:00гө карата жарым миллион адам добуш берди

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 518 473 адам добуш берди. Бул тууралуу БШКнын маалыматында айтылды.
Көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 12,07 пайызын түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо саат 12:00гө карата 329 965 миң адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 9,12 пайызын түзгөн.
Шайлоого добуш берүүгө укуктуу кыргызстандыктардын саны 4,3 миллиондун чегинде. БШК жарандарды өнөктүккө активдүү катышууга чакырууда.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Москвада шайлоо участогу ачылып, эл узун кезекте турат. Видео