Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025

Чет өлкөдөгү добуш берүү тилкесинин бири ишин жыйынтыктады

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө Петропавловск-Камчатскидеги шайлоо тилкеси өз ишин аяктады. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка караганда, бул жерде жалпы 182 жаран добуш берди. Аталган аймак Кыргызстандан беш саат алдыда.
Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка өлкөлөрдө жайгашкан 92 шайлоо тилкесинен 8 592 жаран добуш берген.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Добуш бергендердин саны 800 миңден ашты. Саат 14.00гө карата маалымат