БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ачылган шайлоо участокторундагы автоматтык саноочу урналар (АСУ) үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Ал соцтармактардагы "кээ бир жерлерде АСУда "сбой" байкалып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
"Сбой" деген түшүнүк система таптакыр иштебей калган маалда колдонулат. Андай учур бир дагы жерде катталган жок деп жоопкерчилик менен айта алам", — деди Шайназаров.
Төрага азыркы технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп жатканын, башка мамлекеттерде анын аналогу жок экенин белгиледи. Айтымында, участоктордо жабдуу жана техника жетиштүү.
"Республиканын бардык аймактарында, анын ичинде чет өлкөлөрдө АСУ, смарт-батареялар, модемдер жана башка техникалык каражат жетиштүү", — деди ал.
Шайназаров ошондой эле элди добуш берүү тартибин сактоого жана АСУ жабдууларын туура колдонууга чакырды.