БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкектиктер шаардын каалаган шайлоо участогунан добуш берсе болот. Бул тууралуу БШК билдирди.
Ага ылайык, мисалы, Ленин районунун тургуну Октябрь же башка райондо жүрсө жакынкы участокко барып, өзүнүн округундагы талапкерге добуш бере алат. Бул аралыктан добуш берүү деп аталып, шайлоочулардын өнөктүккө катышуу активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.