БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы шайлоолор адатта жогорку деңгээлде уюштурулат. Мындай бааны КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын башкы катчысы Дмитрий Кобицкий берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборуна өлкөдө өтүп жаткан бүгүнкү саясий өнөктүк туурасында айтып берди.
Кобицкий байкоочулар көз салып турушканын билдирди. Анын айтымында, азыртадан эле жараяндын так жана кынтыксыз өтүп жаткандыгы көрүнө баштады. Добуштар ыкчам саналып жатканына токтолуп, шайлоонун жыйынтыгы саат 20:00гө карата алдын ала эле белгилүү болуп кала тургандыгын кошумчалады.
"Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо тилкелеринде өздөрүнүн өкүлдөрүн тиешелүү деңгээлде даярдайт. Бул сапар да аталган саясий процесс жакшы уюшулган деңгээлде өтөт деген үмүттөмүн. Бүгүн бир нече тилкеде болуп, шайлоо комиссияларынын да, жаңы жабдуулардын да иши жакшы жолго коюлганына күбө болдук", — деди Кобицкий.