Бүгүн 30-ноябрда өлкодө парламенттик шайлоо өтүүдө. Бир мандаттан аттанган талапкерлер өз округдарында программалары менен тааныштырып, шайлоочулардын добушун күтүп турган чагы. Быйылкы шайлоодо техникалык озгөчөлүктөр бар. Эми шайлоочулар катталган аймагына карабай өзүнө жакын шайлоо тилкесине кирип шайлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул аракеттер шайлоочурдын шайлоого катышуусун активдештирүү максатында ишке ашырылды. Анткени соңку жылдары республикада шайлоочулардын өнөктүкө катышуусу солгундап кеткени айтылып келет. Биз бул жаатта саясат таануучу Бакыт Бакетаев менен маектештик.