Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо өнөктүгү жүрүүдө. Саат 10:00гө карата өлкө боюнча 167 072 адам добуш берди. Бул тууралуу БШКнын маалыматында айтылды. Көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 3,89 пайызын түзөт. Шайлоого добуш берүүгө укуктуу кыргызстандыктардын саны 4,3 миллиондун чегинде. 103 744 шайлоочу быйыл биринчи жолу добуш берет.Депутаттык кресло үчүн жалпы жонунан 460 талапкер ат салышууда. Алардын 271и — эркектер, 189у — аялдар. Шайлоо участоктору кечки саат 20:00дө жабылат.
Россия өкмөтү миграция жана ички иштер маселелери боюнча Кыргызстан менен макулдашуу долбоорун жактырды. Тиешелүү буйрук укуктук актылардын порталына жарыяланган. "Россия өкмөтү менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин ортосундагы ички иштер жана миграция маселелери боюнча компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүнүн укуктук статусу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын", — деп айтылат документте. Россиянын Ички иштер министрлиги кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашуу бекиген соң Россия өкмөтүнүн атынан тиркелген долбоорго айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган келишимге кол коюу тапшырылган.
Баткендин Лейлек районунун чек арадан көчө турган тургундары жаңы конуштарга жайгаштырылып бүттү. Бул тууралуу президенттин аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.Маалыматка караганда, алар үчүн Раззаков айылына 60, Максат айылына 16 турак жай курулган."Жаңы конуштарга Раззаков айылынын эки көчөсүнүн, Сада участкасынын жана Максат айылынын тургундары жайгашты. Облус башчысы жашоочулардан кабар алып, бардык шарттар түзүлөрүн, колдоо мындан ары да уланарын билдирди", — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, буга чейин Баткен районунун Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын, Көк-Терек жана Мазеиттин жери участкаларынын, ошондой эле Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасынын тургундары да жаңы айылга көчкөн. Алар үчүн Баткен районунун Бужум айылына караштуу Чет-Булак участкасына 181 турак үйдөн турган Жаңы Достук айылы түптөлгөн.
Жаңжалды жөнгө салуу зарылдыгы, Украинадагы коррупциялык чатак жана уланып жаткан согуштук аракеттерден улам Киев менен Вашингтондун сүйлөшүүсүндө Владимир Зеленскийге кысым күчөйт. Бул тууралуу Washington Post жазды. Жума күнү Зеленский АКШ тарап менен сүйлөшүүгө Украинадан Генералдык штабдын жетекчиси, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы, ошондой эле ТИМ жана Чалгын кызматынын өкүлдөрү барарын билдирген. "Кийинки аптада АКШ киевдик режимдин жетекчисинен Россия менен согушту токтотуу боюнча макулдашуу түзүү талабын күчөтөт. Ал арада Зеленскийдин үзөңгүлөштөрү коррупциялык жаңжалга аралашканы аныкталып, оппозиция лидерлери өкмөттү кайра түзүүнү улам айтып жатышат. Москва болсо тынымсыз алдыга жылып, Зеленский үчүн саясий жактан өтө кооптуу учурду жакындатууда", — жеп жазылат макалада. Гезит менен маектешкен Жогорку Раданын депутаты Владимир Арьев Зеленский абалды чындап өзгөртүүнүн ордуна "коррупциялык жаңжалдын бир катышуучусун алып салып, экинчисин делегация башчысы кылып дайындап койгонун" айткан.