Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет Бишкектеги №10 каттамдагы автобустун айдоочусу Элнура Айтманбетованы кепке тартты. Биз аталган транспорттун соңку аялдамасына барганда маектешибиз айтылган сааттан эрте келип, күтүп турган экен. Айдоочулук кесип аны жумушка, мамилеге карата мурдагыдан да жоопкерчиликтүү болууга үйрөтүп жатканын айтып өттү.
Айтманбетова алгач троллейбус айдап баштаган, бир жылдай иштегенден кийин ал каттам жабылып, автобуска өткөн. Азыр троллейбус айдап жүргөн күндөрүн эстеп коркуп кетерин баяндады.
"Бир нерсени билбей эле баштап кетсең кыла бересиң го. Анан аны билип, түшүнгөндөн кийин коркуу сезими болот эмеспи. Троллейбуста иштегенимди эстеп азыр көбүрөөк корком. Коркпой кантип штанга менен иштегем, ал линияда баратканда кээде чыгып кетчү", – деди ал.
Андан ары өзү жалгыз биринчи каттамга чыккан күнүн эскерди. Рулга отурган соң коркуп артка кайтууну ойлонгон. Бирок ага ишенип отурган жүргүнчүлөрдү көргөндө өзүн колго алып, коркуу сезимин жеңип, жол тартып кеткен. Айдоочу айым жолдо кезиктирген кыйынчылыктар, жүргүнчүлөрдүн коомдук транспортко, айдоочуга карата мамилеси тууралуу кеп улады.
Тема боюнча: