БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын биринчи мөөнөтүндө улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи болгон Майкл Флинн Владимир Зеленскийди камакка алууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал муну Украинада акыркы күндөрү чыгып жаткан коррупциялык жаңжалдын фонунда болушу керектигин белгилеген.
“Зеленский жана анын коррупциялашкан чөйрөсү камакка алынышы керек. Көп жылдык алдамчылык жана ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактылары иликтенип, уурдалган ондогон миллиард доллар кайтарылышы зарыл”, — деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Украинадагы коррупциялык жаңжал
10-ноябрда өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) энергетика тармагындагы азыркы жана мурдагы аткаминерлер, көрүнүктүү бизнесмен жана энергетика тармагындагы коррупцияга аралашкан башка адамдар катышкан кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүн ачыктап, документтештиргени маалымдалган.
Агенттик ошондой эле Украинанын энергетика тармагындагы уурулук схемаларынан түшкөн акча Киевдин борборундагы кеңсе аркылуу адалданганын аныктаган.
Украина өкмөтү компанияны жана мурдагы энергетика министри Герман Галущенконун үйүн тинтүүдөн кийин "Энергоатомдун" байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Зеленскийдин "капчыгы" аталган Тимур Миндич Украинадан чыгып кеткен, иш боюнча мурдагы вице-премьер Чернышов да айыпталып жатат.
Антикоррупциялык бюро кылмыштуу топтун жети мүчөсүнө айып такты. Миндич менен ишкер Александр Цукерманга издөө жарыланган. Жай айларынан тарта юстиция министри болуп турган Галущенко менен энергетика министри Светлана Гринчук отставкага кеткен.
Зеленский кылмыштуу иштен кабары болбогонун айтып келет. Ал эми жаңжалга тиешеси бар деп эсептелген Ермактын кызматтан бошотулушу тууралуу "президенттик кеңсенин кадрлары боюнча маселени өзү чечүүгө укуктуу" экенин айтып жооп кайтарган.