БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттангандар 1,6 миллиард сомдон ашуун каражат коротушкан. Бул тууралуу шайлоо фондундагы маалыматта айтылган.
Ага ылайык, талапкерлердин шайлоо фондуна жалпы 1 миллиард 790 миллион 783 миң 295 сом түшкөн. Анын ичинен 1 миллиард 589 миллион 530 миң 886 сому чыгымдалса, калган 201 миллион 252 миң 409 сому фонддо калган.
Мындан тышкары, бул шайлоого жалгыз “Ынтымак” партиясы катышкан. Аны менен аттанган тогуз талапкердин шайлоо фондуна 70 миллион 850 миң 290 сом келип түшкөн. Мунун ичинен 70 миллион 328 миң 715 сому коротулган.
Шайлоо фондуларына түшкөн жана сарпталган каражаттар — талапкерлердин үгүт иштерин каржылоого, материалдык-техникалык камсыздоого жана мыйзам чегиндеги башка иштерге колдонулган сумма.