БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын эл аралык байкоочулары менен жолукту. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Казакстан Парламентинин Мажилисинин мыйзам чыгаруу жана сот-укуктук реформа боюнча комитетинин төрайымы Снежанна Имашева жетектеген байкоочулар тобу Бишкекке Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого эл аралык мониторинг жүргүзүү үчүн келишкен.
Жолугушууда Абакиров байкоочуларды шайлоо процессинин негизги этаптары, шайлоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде добуш берүү механизмдери менен тааныштырган. Мындан тышкары, ал өлкө шайлоонун ачыктыгын жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга умтуларын белгилеп, эксперттик топко ийгилик каалаган.
"ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү кыргыз тарапка чакыруусу үчүн ыраазылык билдирип, Кыргызстан шайлоо процессине заманбап технологияларды активдүү киргизип жатканын белгилешти. Алар шайлоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды оң баалашты. Эл аралык байкоочулар Кыргызстанга жалпы таанылган эл аралык стандарттарга жооп берген ачык шайлоону өткөрүүнү каалашты", — деп айтылат маалыматта.