Бишкекте атасынын унаасы менен кайгуулчуларга баш ийбей качкан өспүрүм кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм кайгуулчуларды коюп кете жаздаган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тартип сакчылар түнкү саат 2:30дар чамасында эреже бузган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан, бирок айдоочу баш ийбей качып кеткен.
“Кызматкерлердин ыкчам аракети менен автоунаа токтотулуп, айдоочу кармалган. Ал кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туудуруп, коюп кете жаздаган. Текшерүүдө унааны башкарган адамдын жашы жете электиги, айдоочулук күбөлүктүн жоктугу жана машинаны ага атасы бергендиги аныкталды. Өспүрүмгө карата тиешелүү протоколдор түзүлдү”, — деди милиция.
Кайгуул кызматы айдоочулук күбөлүгү жокторго унаа берүү үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти.
Кайгуул милициясы Бишкекте тез жардам менен чогуу рейд жүргүзүүдө