Бишкектин Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө ачылды. Сүрөт, видео

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бишкектин Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилгенин Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы маалымдады.
Буга чейин көпүрөнү жаңылоо иштерине байланыштуу ал жакта унаа тыгыны жаралып жаткан.
1 / 4

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилди

2 / 4

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилди

3 / 4

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилди

4 / 4

Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилди

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы эми жол ачылып, тыгын жоюларын билдирди. Ошол эле учурда айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого чакырды.
Ушул жылдын июнь айынын аягында Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынан өткөн көпүрөнү кеңейтүү иштери башталган. Мэрия көпүрөнүн туурасы 13 метрден 24 метрге чейин кеңейтилерин, эки жагына эл баскыдай тротуарлар түшөрүн билдирген. Инфратүзүм 144 миллион сомго курулары, ага Алматыдан куюлуп келген бетон устундар жаткырылары маалымдалган.
Бишкектеги көкөйгө тийген автотыгын канткенде азаят. Кайгуул кызматтын сунуштары