Түштүк-Чыгыш Азияны сел каптап 300дөн ашык адам каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү акыркы жылдардагы эң кыйратуучу суу ташкынына кабылды.
Таиланд, Вьетнам, Малайзия, Индонезия жана Филиппин мамлекеттерин суу каптап, миңдеген үй-бүлөлөр турак жайсыз калды. Шри-Ланкада сел жана көчкүдөн улам кырдаал оор болууда.
Табигый кырсыктардан каза болгондордун саны 300дөн ашты. Экономикалык чыгымдын көлөмү болжол менен жүздөгөн миллион долларга жеткени кабарланууда.
Жалал-Абадда селди алдын алуу үчүн токой зоналары кеңейтилүүдө