30-ноябрга карата аба ырайы

30-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Жекшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +10...+15, Талас аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +12…+14, Ош шаарында +14...+16 градуска көтөрүлөт.
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Депутаттыкка талапкерлер канча каражат короткон? Сандар