Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттангандар 1,6 миллиард сомдон ашуун каражат коротушкан. Бул тууралуу шайлоо фондундагы маалыматта айтылган. Ага ылайык, талапкерлердин шайлоо фондуна жалпы 1 миллиард 790 миллион 783 миң 295 сом түшкөн. Анын ичинен 1 миллиард 589 миллион 530 миң 886 сому чыгымдалса, калган 201 миллион 252 миң 409 сому фонддо калган. Мындан тышкары, бул шайлоого жалгыз “Ынтымак” партиясы катышкан. Аны менен аттанган тогуз талапкердин шайлоо фондуна 70 миллион 850 миң 290 сом келип түшкөн. Мунун ичинен 70 миллион 328 миң 715 сому коротулган. Шайлоо фондуларына түшкөн жана сарпталган каражаттар — талапкерлердин үгүт иштерин каржылоого, материалдык-техникалык камсыздоого жана мыйзам чегиндеги башка иштерге колдонулган сумма.
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов башында турган кыргызстандык делегация социалдык реформаларды ишке ашыруу боюнча казак тараптын тажрыйбасы менен таанышып жүргөнүн өкмөттөн билдиришти. Маалыматка караганда, алар коңшу өлкөнүн орто жана жогорку билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданий саясат жана адамдык капиталды өнүктүрүү тармактарындагы заманбап ыкмаларын көрүшүүдө."Казакстан акыркы жылдары масштабдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырды. Бул сапар бизге ылайыкташтырып колдонула турган чечимдерди көрүүгө мүмкүндүк берет. Боордоштордун тажрыйбасы биз үчүн чоң мааниге ээ жана баарын жеринде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздер үчүн ыраазыбыз", — деген Байсалов. Белгилей кетсек, кыргызстандык делегациянын курамына президенттик администрациясынын өкүлдөрү, министрликтердин, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.
Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм кайгуулчуларды коюп кете жаздаган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, тартип сакчылар түнкү саат 2:30дар чамасында эреже бузган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан, бирок айдоочу баш ийбей качып кеткен. “Кызматкерлердин ыкчам аракети менен автоунаа токтотулуп, айдоочу кармалган. Ал кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туудуруп, коюп кете жаздаган. Текшерүүдө унааны башкарган адамдын жашы жете электиги, айдоочулук күбөлүктүн жоктугу жана машинаны ага атасы бергендиги аныкталды. Өспүрүмгө карата тиешелүү протоколдор түзүлдү”, — деди милиция. Кайгуул кызматы айдоочулук күбөлүгү жокторго унаа берүү үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертти.
ладимир Зеленскийдин кеңсе жетекчиси Андрей Ермак коррупциялык жаңжалдан улам отставкага кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Кеңсе жетекчиси Андрей Ермак отставкага кетүү боюнча арыз жазды", — деген Зеленский видеокайрылуу жасап жатып. Буга чейин "Украинская правда" Зеленскийдин айланасындагылар Ермакты энергетикадагы коррупция боюнча ишке тиешелүүлүгүнөн улам кызматтан кетирүүнү сунуштап келишкенин жазган болчу. Демилгени Раданын бир топ депутаты колдогон. Бирок Зеленский Ермакты иштен алуунун ордуна АКШ жана Киевдин башка өнөктөштөрү менен абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшө турган делегациянын жетекчиси кылып дайындаган.