Бүгүн парламенттик шайлоонун алдындагы “жымжырттык күнү” башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Мыйзамга ылайык, добуш берүү башталганга 24 саат калганда, тактап айтканда саат 08:00дөн тартып, ар кандай формадагы үгүт жүргүзүүгө катуу тыюу салынат. Тыюулар буларды камтыйт: ЖМК, интернет-басылмалар жана социалдык түйүндөр аркылуу үгүт жүргүзүүгө; митинг, жыйын, теледебат сыяктуу үгүт иш-чараларын өткөрүүгө; печаттык жана аудиовизуалдык үгүт материалдарын таратууга; мыйзамда каралган башка бардык үгүт формаларын колдонууга. “Мурда илинген үгүт материалдары өз ордунда кала берет. Бирок алар шайлоо комиссиялары жайгашкан имараттардын ичинде болбошу керек. Эрежелерди бузгандар мыйзам чегинде жоопко тартылат”, — деп айтылат маалыматта. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо эртең, 30-ноябрда, өтөт.
Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов башында турган кыргызстандык делегация социалдык реформаларды ишке ашыруу боюнча казак тараптын тажрыйбасы менен таанышып жүргөнүн өкмөттөн билдиришти. Маалыматка караганда, алар коңшу өлкөнүн орто жана жогорку билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданий саясат жана адамдык капиталды өнүктүрүү тармактарындагы заманбап ыкмаларын көрүшүүдө."Казакстан акыркы жылдары масштабдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырды. Бул сапар бизге ылайыкташтырып колдонула турган чечимдерди көрүүгө мүмкүндүк берет. Боордоштордун тажрыйбасы биз үчүн чоң мааниге ээ жана баарын жеринде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздер үчүн ыраазыбыз", — деген Байсалов. Белгилей кетсек, кыргызстандык делегациянын курамына президенттик администрациясынын өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте күч алган курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо боюнча маалымат берди. Ведомствонун айтымында, соңку күндөрү ооруканага кайрылгандардын жана жаткырылгандардын саны азайган. 500 орундуу Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында учурда 565-573 бейтап жатат. Алты адам реанимацияда Ал эми Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын профилдештирилген бөлүмдөрүнө 421 орун уюштурулуп, анын 378инде бейтаптар бар. Дарыгерлер элди күнү-түнү кабыл алууда.
Кремль президент Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары жемиштүү болду деп баа берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Ал мамлекеттик сапардын өзү да, андан кийин өткөн ЖККУ саммитинин да ийгиликтүү болгонун белгилеген. Мындан тышкары, Путиндин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) күчтөрүн Россиянын заманбап курал-жарагы менен кайра жабдуу боюнча сунушу уюмга мүчө мамлекеттер тарабынан оң кабыл алынганын да айтты "Бул сунуш ЖККУга мүчө мамлекеттер тарабынан жакшы кабыл алынды, эми бул маселе мындан ары талкууланат",— деген Песков журналисттерге. Эскерте өкетсек, Россия президенти Кыргызстанга 25-27-ноябрь күндөрү мамлекеттик сапары менен келип кетти.