Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстан менен Казакстан ортосунда автомобилдик ташууларда навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор башталды. Долбоор 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин жүргүзүлөт. Бардык товардын түрлөрү үчүн пломбалар ыктыярдуу жана акысыз берилет.Пломбалар Кыргызстандан Казакстанга жана Россияга жөнөтүлгөн жүктөргө, Казакстан жана Россиядан Кыргызстанга келген жүктөргө, "Ак-Тилек-автожол" жана "Карасу" өткөрмө пункттарынан коюлат.Ал эми Бишкек шаарындагы жеткирүү даректеринен, Казакстан – Россия чек арасындагы өткөрмө пункттарынан жана Алматы шаарындагы жеткирүү даректеринен алынат.Бул пилоттук долбоор товардын айлануусун ачык көрсөтүүгө, көзөмөлдү тездетүүгө жана ЕАЭБ чегинде жүктөрдү башкаруу системасын киргизүүгө жардам берет.
Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Алматы шаарында Чыңгыз Айтматовдун "Жамиля" повестине негизделген мюзиклдин премьерасына катышты. Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Тынымбайулы Карин өзүнүн расмий кайрылуусунда эки мамлекеттин маданий кызматташтыгы мындан ары да чыңдала берерин белгиледи. Ал эми Марат Иманкулов өз кезегинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз жана казак элдеринин руханий байланышын бекемдөөдө өзгөчө ролду ойной турганын баса белгилеп, Кыргызстанда 2028-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланганын билдирди. Ал ошондой эле Алматы шаарында "Жамийла" мюзиклинин коюлушу боордош эки элдин маданий биримдигинин дагы бир белгиси экенин ырастап, кыргыз чыгармачыл тобуна жана казакстандык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Аталган чыгарма Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалып, казак көрүүчүлөрүнө тартууланды.
"Кыргызстанда үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү" долбоору боюнча үч миллион жүз элүү миң сом жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" катышууда, аларды насыялоонун суммасы 100 млн сомду түзөт. Аталган долбоор өлкөдө үрөнчүлүктү жана питомниктерди андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңыртууну өз убагында жүргүзүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.
Ош – Өзгөн – Манас унаа жолу 4 – 6 тилкеге кеңейтилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев 2026-жылы аймакта аткарылчу ири жол долбоорлору боюнча маалымат берип жатып билдирди. Анын айтымында, келе жаткан 2026-жылы Ош – Бишкек унаа жолунун 100 чакырым аралыгы оңдолот. Тактап айтканда, Оштон Манас шаарына чейинки бөлүгү 4 – 6 тилкелүү болуп курулуп, Куршаб базарын айланып өткөн жаңы айланма жол салынат. Мындан тышкары, облус аймагында башка дагы ири долбоорлор да ишке ашырылат. Алсак, Ош – Сары-Таш – Эркечтам жолунун 61 чакырым бөлүгү реконструкцияланат. Ноокат шаарындагы унаа тыгынын азайтуу максатында айланма жол курулат. Мындан тышкары Араван – Төө-Моюн жолу, Ылай-Талаа – Гүлчө жолу жана Дароот-Коргон – Үч-Коргон