Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада Зеленскийдин кеңсе башчысына айып коюуга камынып жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Украинанын коррупцияга каршы улуттук бюросу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермакка расмий айып коюуга даярданып жатат. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин аталган бюро тергөөнүн алкагында Ермактын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн тастыктаган.

"Коррупцияга каршы бюро Ермакка шектүү макамын берүүгө даярданып жатат", — деп жазылган депутаттын Telegram каналындагы билдирүүсүндө.

Анткен менен Гончаренко бул айыптоо эмнеге байланыштуу экенин тактаган эмес.
ЖМКлар Зеленскийдин башына кара булут мынчалык айланбаганын жазууда