БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкекте жаңы курулган таштанды заводу өндүргөн электр энергиясын жалпы электр тармактарына бере баштады. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.
Маалыматта завод таштандыны өрттөп жок кылуу аркылуу 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын чыгарары айтылат.
"Учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулду. Азырынча 3,5 МВт берип жатат, бүгүн кечке чейин 18 МВт кубаттуулукка жетери күтүлүүдө", — деп жазылат кабарда.
Бишкекте бир суткада 1000 тоннага жакын таштанды чогулса, бул завод суткасына 1 200 тонна акыр-чикирди жок кыла алары белгиленди.
Заводдун ачылышы жаңы жылга чейин болору айтылууда.