БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кремль президент Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары жемиштүү болду деп баа берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал мамлекеттик сапардын өзү да, андан кийин өткөн ЖККУ саммитинин да ийгиликтүү болгонун белгилеген.
Мындан тышкары, Путиндин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) күчтөрүн Россиянын заманбап курал-жарагы менен кайра жабдуу боюнча сунушу уюмга мүчө мамлекеттер тарабынан оң кабыл алынганын да айтты
"Бул сунуш ЖККУга мүчө мамлекеттер тарабынан жакшы кабыл алынды, эми бул маселе мындан ары талкууланат",— деген Песков журналисттерге.
Эскерте өкетсек, Россия президенти Кыргызстанга 25-27-ноябрь күндөрү мамлекеттик сапары менен келип кетти.