БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кечээ, 27-ноябрда, Ош шаарында машина айдап бараткан өспүрүм каршы тилкеге чыгып кетип, көчөдө бала менен жөө бараткан кайнене-келинди уруп кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.
Милициянын айтымында, 16 жаштагы бала агасынын BMW унаасын уруксатсыз айдап чыгып, аны башкара албай калган. Ал каршы тилкеге чыгып, жолдо бараткан үч адамды сүзүп, андан өтүп жолдун жээгинде токтоп турган КамАЗды сүзгөн.
Каргашада 48 жаштагы аял мүрт кетип, анын бир жаштагы небереси ооруканада чарчап калган. Ал эми аялдын 20 жаштагы келини менен КамАЗдын айдоочусу ооруканага жеткирилген.
Милиция өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү жок экенин, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.