БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Литва Sputnik толкунун бөгөттөөгө керек болгон 60 миң евро издеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Маалыматта азыркы тапта Литванын радио жана телевидение борбору өз инфраструктурасынан радиосигналдарды Sputnik Калининград облусунан ретрансляциялаган жыштыкта жөнөтүп жатканы айтылат.
Өлкөнүн Маданият министрлиги мындай "кызматы" үчүн кийинки жылга 60 миң евро сураган. Азырынча акча түшө элек, аткаминерлер тийиштүү каражатты издөө менен алек экени кабарланууда. Эгер акча табылбай калса Sputnik радиосунун берүүлөрү обого чыга башташы толук ыктымал.