Бишкек мэриясы Айтматов проспектиндеги жер тилкелери боюнча доосун кайтарып алды

Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы Айтматов проспектин бойлой кеткен жер тилкелери боюнча доосун кайтарып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин расмий сайтында айтылды.
Маалыматта жалпысынан 29 арыз жазылганы кабарланган. Кайтарууга маселенин соттон тыш тартипте чечилгени себеп болду.
“Мэр Ленин районунун акимине тургундарга ээлеп турган аянтка тете жер берүүнү тапшырды, эгер баш тартса жердин кадастрдык наркына ылайык компенсация төлөп берүү каралган”, — деп билдирди мэрия.
Эскерте кетсек, жер маселеси өкмөттүк трассаны кеңейтүү боюнча иштер башталгандан кийин жаралган болчу. Жазында мэр компенсацияга каршы эместигин, анткен менен спекуляция башталып, жашоочулар бир сотых жерге 100 миң доллардан талап кыла башташы ыктымал деп кооптонгон.
Бишкектеги таштанды завод ишке берилип, электр кубатын өндүрө баштады