БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов башында турган кыргызстандык делегация социалдык реформаларды ишке ашыруу боюнча казак тараптын тажрыйбасы менен таанышып жүргөнүн өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка караганда, алар коңшу өлкөнүн орто жана жогорку билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданий саясат жана адамдык капиталды өнүктүрүү тармактарындагы заманбап ыкмаларын көрүшүүдө.
"Казакстан акыркы жылдары масштабдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашырды. Бул сапар бизге ылайыкташтырып колдонула турган чечимдерди көрүүгө мүмкүндүк берет. Боордоштордун тажрыйбасы биз үчүн чоң мааниге ээ жана баарын жеринде көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздер үчүн ыраазыбыз", — деген Байсалов.
Белгилей кетсек, кыргызстандык делегациянын курамына президенттик администрациясынын өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.