29-ноябрга карата аба ырайы

29-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 12…17, Талас аймагында 11…16, Ош, Жалал-Абад облустарында 14…19, Баткенде 13…18, Ысык-Көл өрөөнүндө 5...10, Нарын жергесинде 4…9 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте 14…16, Ош шаарында 15…17 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкектеги таштанды завод ишке берилип, электр кубатын өндүрө баштады