БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. 18 жашка чыга электердин чет өлкөдөн диний билим алышын чектөө сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди.
Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик сунуштаган документте жашы жете электердин дүйнө таанымы толук калыптана элек болгондуктан радикалдуу идеологияларды бат сиңирери белгилеген.
"Акыркы жылдары жашы жете электердин чет өлкөдөгү диний окуу жайларга чыгышы көбөйүүдө. Бул окуу жайлардын айрымдары салттуу эмес, деструктивдүү диний агымдарды жайылтып, көпчүлүгү аккредитациясыз, жабык шартта иштеп, балдарды светтик билимден четтетип, радикалдуу идеяларга тарта турган коркунуч жаратууда", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Мыйзам боюнча, орто мектепти бүткөндөн кийин гана чет өлкөдөн диний билим алса болот. Ал үчүн диний иштер боюнча органга жазуу түрүндө билдирүү берип, барган жеринде консулдуктун каттоосунан өтүшү керек.
Иш жүзүндө бул талаптар сакталбай жаткандыктан жашы жете элек балдарды өлкөдөн тыш диний билим алышын чектөө сунушталууда. Аны бузгандар үчүн жоопкерчилик каралган.