Бишкекте медициналык жана реабилитациялык борбор ачылат — спорттук медицина өнүгөбү?

Sputnik
Бишкекте ата мекендик спортчулар үчүн "Мүрөк" аттуу медициналык жана реабилитациялык борбор ачылат. Ал ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берет. Бул жерде спортчулар диагностика, дарылоо, реабилитация жана спортко кайтуу процессинен өтө алышат. Борборду толугу менен Кыргызстан өзү куруп жатат. Спорттук медицина тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков айтып берди.