Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
18 жашка чыга электердин чет өлкөдөн диний билим алышын чектөө сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик сунуштаган документте жашы жете электердин дүйнө таанымы толук калыптана элек болгондуктан, радикалдуу идеологияларды бат сиңирери белгилеген. "Акыркы жылдары жашы жете электердин чет өлкөдөгү диний окуу жайларга чыгышы көбөйүүдө. Бул окуу жайлардын айрымдары салттуу эмес, деструктивдүү диний агымдарды жайылтып, көпчүлүгү аккредитациясыз, жабык шартта иштеп, балдарды светтик билимден четтетип, радикалдуу идеяларга тарта турган коркунуч жаратууда", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде. Мыйзам боюнча орто мектепти бүткөндөн кийин гана чет өлкөдөн диний билим алса болот. Ал үчүн диний иштери боюнча органга жазуу түрүндө билдирүү берип, барган жеринде консулдуктун каттоосунан өтүшү керек. Иш жүзүндө бул талаптар сакталбай жаткандыктан жашы жете элек балдарды өлкөдөн тыш диний билим алышын чектөө сунушталууда. Анын бузгандар үчүн жоопкерчилик каралган.
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте күч алган курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо боюнча маалымат берди. Ведомствонун айтымында, соңку күндөрү ооруканага кайрылгандардын жана жаткырылгандардын саны азайган. 500 орундуу Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында учурда 565-573 бейтап жатат. Алты адам реанимацияда (буга чейин 10 бейтап болчу). Ал эми Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын профилдештирилген бөлүмдөрүнө 421 орун уюштурулуп, анын 378инде бейтаптар бар. Дарыгерлер элди күнү-түнү кабыл алууда.
Кремль президент Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары жемиштүү болгонун билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков маалымдаганын РИА Новости жазды. Ал мамлекеттик сапардын өзү да, андан кийин өткөн ЖККУ саммитинин да ийгиликтүү болгонун белгилеген. Мындан тышкары, Путиндин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун күчтөрүн Россиянын заманбап курал-жарагы менен кайра жабдуу боюнча сунушу уюмга мүчө мамлекеттер тарабынан оң кабыл алынганын да айтты "Бул сунуш ЖККУга мүчө мамлекеттер тарабынан жакшы кабыл алынды, эми бул маселе мындан ары талкууланат",— деген Песков журналисттерге. Эскерте өкетсек, Россия президенти Кыргызстанга 25-27-ноябрь күндөрү мамлекеттик сапары менен келип кетти.