Министрлер кабинети Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу боюнча лицензия төлөмдөрүнүн тартибин жаңылады.Токтомго киргизилген өзгөртүүлөрго ылайык, лицензиялар үчүн төлөм ставкасы, ошондой эле төлөмдү эсептөө, төлөө жана карыздарды өндүрүү тартиби такталды.Өзгөртүүлөр салык эмес кирешелер тууралуу кодекс нормаларына ылайык жүргүзүлүп, лицензия ээлеринен төлөмдөрдү алуу механизмин тактоого багытталган.Мамлекеттик милдеттерге токтолсок:Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 31-декабрына карата бардык төлөөчүлөрдүн тизмесин мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүгө милдеттендирилди. Тизмеде карыздар, ашыкча төлөмдөр жана 2025-жылдагы милдеттемелер көрсөтүлөт. Токтомдун аткарылышын Президент жана Министрлер кабинетин чечимдерин көзөмөлдөө башкармалыгы көзөмөлдөйт. Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирери кошумчаланды
Бишкекте премиум класстагы эскирген азык-түлүктөрдү саткан жана сактаган кампа аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, 10 жылдан ашуун убакыттан бери премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген жарманке дүкөнүнүн негиздөөчүсү 37 жаштагы жаран беш-алты жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн. Ал азыктарды колдонууга жарактуу товарлар менен аралаш жүктөп келгендиктен текшерүүнү татаалдаштырып айласын тапканы белгиленген
Кечээ, 27-ноябрда, Ош шаарында машина айдап бараткан өспүрүм каршы тилкеге чыгып кетип, көчөдө бала менен жөө бараткан кайнене-келинди уруп кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты. Милициянын айтымында, 16 жаштагы бала агасынын BMW унаасын уруксатсыз айдап чыгып, аны башкара албай калган. Ал каршы тилкеге чыгып, жолдо бараткан үч адамды сүзүп, андан өтүп жолдун жээгинде токтоп турган КамАЗды сүзгөн. Каргашада 48 жаштагы аял мүрт кетип, анын бир жаштагы небереси ооруканада чарчап калган. Ал эми аялдын 20 жаштагы келини менен КамАЗдын айдоочусу ооруканага жеткирилген. Милиция өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү жок экенин, ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.
Украинанын коррупцияга каршы улуттук бюросу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысы Андрей Ермакка расмий айып коюуга даярданып жатат. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко* билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин аталган бюро тергөөнүн алкагында Ермактын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлгөнүн тастыктаган. "Коррупцияга каршы бюро Ермакка шектүү макамын берүүгө даярданып жатат", — деп жазылган депутаттын Telegram-каналындагы билдирүүсүндө. Анткен менен Гончаренко бул айыптоо эмнеге байланыштуу экенин тактаган эмес.