Баланын дени сак төрөлүшү үчүн кош бойлуулукка чейин медициналык текшерүүдөн өтүү, туура тамактануу жана дарыгердин көзөмөлүндө болуу керек. Дени сак баланы жарык дүйнөгө алып келип, аны туура тарбиялоо ата-эненин милдети. Ал эми ымыркай төрөлгөндөн кийин вакцинация, туура тамактануу, эмчек эмизүү, жетиштүү кыймыл жана массаж анын иммунитетин чыңдайт. Ошондой эле, эрте курактан спортко кызыктыруу, уйку режимин сактоо дене жана акыл-эс өнүгүүсүнө чоң таасир этет. Мындан тышкары аларга мультфильмдерди дайыма бир тилде коюп берүү керек.
Бул баланын тилинин эрте чыгуусуна жардам берет. Ата-эне бала менен көп сүйлөшүп, аны кубаттап, сүйүүсүн билдирип турушу да маанилүү. Деги эле үй-бүлөдөгү жылуу мамиле баланын психологиялык ден соолугуна жана өзүнө ишениминин калыптанышына өбөлгө болорун педиатр Айжан Сариева кеп кылды.