Чүй облусундагы Кемин аймагынан Көк-Жар айылына чейин акы төлөнүүчү айланма жол куруу иштери башталды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кеминдеги төрөт үйүнүн курулушун баштаган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. "Кеминдиктер, шаарга киргенде тыгын болуп, Канттан өткөндөн кийин кире албай кыйналып жатасыңар. Ошол көйгөйдү чечиш үчүн 65 миллион долларга айланма жол куруп баштадык. Ал акы төлөнүүчү жол болот. Кеминден киресиңер дагы, Көк-Жардан чыгып кетесиңер", — деди Ташиев. Анын айтымында, жол салынса, айдоочулар 200-300 сомдун тегерегинде акы төлөшү мүмкүн. УКМК төрагасы ошондой эле жакында Кыргызстандын миң айылына күндөн электр кубатын ала турган станциялар салынарын кошумчалады. Алар күндүз 6-7 саат, түнкүсүн эки саатка чейин электр энергиясын бере алат. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу бүгүн Бишкекте онго жакын бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдөгү маалымат агенттиктеринин бирине билдирди. Маалымдалгандай, карантиндер балдардын катышуусуна жараша жергиликтүү деңгээлде киргизилип жатат жана он күнгө созулат. Дарыгерлер шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жалпы туруктуу экенин кошумчалашты.
ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгына жогору баа берип, анын жоопкерчиликтүү жана конструктивдүү мамилесин маалымат жыйында белгиледи. Анын айтымында, бир жыл мурда президент Садыр Жапаров тарабынан белгиленген бардык артыкчылыктар ийгиликтүү ишке ашырылды. “Саммиттин негизги жыйынтыгы мүчө мамлекеттердин лидерлеринин ЖККУнун принциптерине жана максаттарына берилгендиктерин ырастоосу жана жамааттык коопсуздукту чыңдоого багытталган бир катар документтерди кабыл алуу болду. Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумунда өзгөчө көңүл ЖККУнун жоопкерчилик аймагындагы аскердик-саясий кырдаалды жана өсүп жаткан гибриддик коркунучтарды талкуулоого бурулду”,- деди ал. Белгилей кетсек, кечээ Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, уюмдун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.
Россиянын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча саясий-дипломатиялык сунуштары НАТОдогулардын айласын кетирүүдө. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, саясий же дипломатиялык сүйлөшүүлөргө байланышкан кандай гана аракет болбосун, НАТО тараптан дароо терс маалыматтык реакция жаралууда. Тоскоолдук жаратып токтотууга аракет кылышат. "НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин "Украинадагы жаңжал жакында бүтөт" деген оптимисттик маанайдагы пикири эч нерсени билдирбейт. Анткени ал кайра эле өзүнүн айткандарына каршы чыгып, Украинанын көбүрөөк курал-жарак жөнөтүүгө, каржылоону күчөтүүгө жана Киев бийлигин саясий жактан колдоону улантууга чакырып жатат", — деди Захарова. Ал Россия ТИМи Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоодон бир нерсе өзгөрөрүнө көзү жетпей турганын белгилеген.