18 жашка чыга электердин чет өлкөдөн диний билим алышын чектөө сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга илинди. Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик сунуштаган документте жашы жете электердин дүйнө таанымы толук калыптана элек болгондуктан, радикалдуу идеологияларды бат сиңирери белгилеген. "Акыркы жылдары жашы жете электердин чет өлкөдөгү диний окуу жайларга чыгышы көбөйүүдө. Бул окуу жайлардын айрымдары салттуу эмес, деструктивдүү диний агымдарды жайылтып, көпчүлүгү аккредитациясыз, жабык шартта иштеп, балдарды светтик билимден четтетип, радикалдуу идеяларга тарта турган коркунуч жаратууда", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде. Мыйзам боюнча орто мектепти бүткөндөн кийин гана чет өлкөдөн диний билим алса болот. Ал үчүн диний иштери боюнча органга жазуу түрүндө билдирүү берип, барган жеринде консулдуктун каттоосунан өтүшү керек. Иш жүзүндө бул талаптар сакталбай жаткандыктан жашы жете элек балдарды өлкөдөн тыш диний билим алышын чектөө сунушталууда. Анын бузгандар үчүн жоопкерчилик каралган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарды 2026-жылы жогорку түшүм үчүн азыртан даярдыкты баштоого чакырат.Алгач, кайсы өсүмдүктөр пайда алып келди, кайсы жерде жоготуу болду – ошону талдап, агротехникалык каталарды оңдоо зарыл. Топурактын нымдуулугун, түзүлүшүн жана жетилүү мөөнөттөрүн эске алуу – негизги шарт.Топурактын агрохимиялык анализине таянып, минералдык жана органикалык жер семирткичтерге, гербицид, инсектицид жана фунгициддерге болгон муктаждыкты тактоого болот. Топурактын курамын сактоо – ооруларга каршы күрөшүүнүн негизги куралы.Аймакка ылайыктуу, сыналган сорттордун үрөнүн сатып аларда сөзсүз сапат сертификаттарын текшерүү керек.
Бишкекте жаңы курулган таштанды заводу өндүргөн электр энергиясын жалпы электр тармактарына бере баштады. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады. Маалыматта завод таштандыны өрттөп жок кылуу аркылуу 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын чыгарары айтылат. "Учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулду. Азырынча 3,5 МВт берип жатат, бүгүн кечке чейин 18 МВт кубаттуулукка жетери күтүлүүдө", — деп жазылат кабарда. Бишкекте бир суткада 1000 тоннага жакын таштанды чогулса, бул завод суткасына 1 200 тонна акыр-чикирди жок кыла алары белгиленди. Заводдун ачылышы жаңы жылга чейин болору айтылууда.
АКШ президенти Дональд Трамп үчүнчү өлкөлөрдөн келген мигранттардын агымын биротоло токтоторун билдирди. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазганын РИА Новости жазды. Ошондой эле ал жарандыгы жок адамдарга берилген бардык федералдык жеңилдиктерди жана субсидияларды токтоторун белгилеген. "АКШнын иммиграциялык тутуму толук калыбына келиши үчүн үчүнчү дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн мигранттардын келишине тыным жарыялайм", — деп жазган ал. Трамп муну менен бирге АКШда коомго жүк болуп жаткан, коопсуздукка коркунуч жараткан же батыш цивилизациясынын баалуулуктарына туура келбеген чет өлкөлүк жарандарды депортациялай турганын убадалады.